Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Баткен облусундагы токой карагайларын Тажикстандын атуулдары мыйзамсыз кыйууда


БАТКЕН. Облустук токой чарба башкармалыгынын маалыматына караганда учурда облуста токой аянттарын тактоо иштери жүрүүдө. Ар бир он жылда жүргүзүлчү мындай иштер Баткен аймагында акыркы ирет 1981-жылы болгон. Каражат тартыштыганан ошондон бери токтоп калган бул иш Европа Кеңешинин колдоосунда быйыл кайрадан жүргүзүлүүдө. Бирок токой аянттарын тактап жүргөн кызматкерлер Баткендин Аксай токойчулугундагы Чуурганбаба деген жеринде тажик жарандары менен келишпестиктерге дуушар болушкан. АнткениТажикстандын чегиндеги бул аймакта аталган өлкөнүн атуулдары 31 гектар аянттагы сугат, 605 гектар аяттагы жайыт жерлерди өз алдынча ээлеп алышкан. Мындан сырткары арча жана башка токой өсүмдүктөрүн мыйзамсыз кыйып жиберишкен. Тажик атуулдары бул аймакты Тажикстанга караштуу деп талашууда. Ушундан улам облустук токой чарба башкармалыгы бул маселени чечүүнү өтүнүп облус бийлигине кайрылышты. Учурда бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 24-июлда алынды.

XS
SM
MD
LG