БИШКЕК. Бишкекте 24-августан 26 августка чейин “Телекомуникация, компьютердик жана маалымат технологиясы” деген аталыштагы Кыргызстандын 1-эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек телекомдун басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. Аталган көргөзмө кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп ага Германия, Израиль, АКШ, Орусия, Польша , Кыргызстан, Казакстандын 50 ашуун компаниялары катышат. Кыргызстан мобилдик байланыш, маалымат технолгиясын, интернет байланышынын үлгүлөрүн көргөзмөгө алып чыгат. Бул иш чара өлкөнүн телекомуникация тармагына эл аралык инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүүсү күтүлүүдө.