Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

ИИМ жеке адамга карата кылмыш күчөгөнүн билдирди


БИШКЕК. Өткөн алты айдын ичинде Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны 11,6%ке азайды. Бирок, жеке адамга каршы кылмыш кылмыштуулуктагы көңүл бура турган негизги жагдай бойдон калууда. Мындай фактылар кечээ өткөн ички иштер министрлигинин коллегиясында маалымдалды. Өткөн жарым жыл ичинде жеке адамга каршы 1262 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 225 адам өлтүрүлүп, алардын 8 фактысы атайын заказ менен ишке ашкан. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада чет өлкөлүк 28 жаранга кол салынып, анын 22 фактысы ачылганын билдирди.
Министрликтин коллегиясында милиция кызматкерлеринин иш тартиби да талкууланды. Маалыматка караганда, жарым жыл ичинде мыйзам бузган факт боюнча 50, ишке кайдигер мамилеси үчүн төрт кылмыш иши козголуп, 69 кызматкер кызматынан бошотулду.

XS
SM
MD
LG