Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ош шаарында премьер министрдин катышуусунда өкмөттүк көчмө жыйыны болду


Ош. Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынын жалпы активи катышкан көчмө отурумунда кышка карата даярдыктын жүрүшү боюнча облус жетекчилеринин отчеттору угулуп, алдыдагы милдеттер такталды. Өкмөт башчысы Николай Танаев кышка карата даярдык боюнча бир катар район, шаар жетекчилеринин ишине канаатанбагандыгын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата түштүк облустарындагы мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык обьектилердин 13% гана кышка карата отун-энергетикалык ресурстар менен камсыз болгон. Көчмө жыйындын соңунда Николай Танаев аймактык жетекчилерден жалган маалымат берүүнү токтотууну жана сентябрь айынын ортосунда конкреттүү жыйынтыктар боюнча отчет берүүсүн талап кылды.

XS
SM
MD
LG