Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

Түркиядагы кырсык боюнча айдоочуларга айып тагылды


Жолдон чыгып кетип 36 адамдын өмүрүн кыйган Стамбул- Анкара багытындагы поезддин үч айдоочусуна сот шалаакылык деген берене боюнча айып тагууда. Өкмөт башчы Режеп Эрдоган бул кырсык үчүн өлкөнүн Транспорт министри Бинал Йилдиримди отставкага кетирүү жөнүндө чакырыктарды четке какты. Транспорт министри өз кезегинде поезд өтө тез ылдамдыкта келатканын билдирген, бирок аны трагедиянын башкы себеби катары көрсөткөн эмес. Эксперттер коопсуздук чаралары толук сакталбаганы да кырсыкка түрткү болгонун эскертишүүдө. Тергөө иши башталып, поезддин үч айдоочусу камакта кармалууда.

XS
SM
MD
LG