Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Суу ташкын Түштүк Азияны беймаза кылууда


Тынбай жааган жаан суу ташкындарга, көчкү жана кайыктардын ала салышына алып келип, ушул күндөрү Түштүк Азияда 1000ден ашык адам набыт болду. “КАРЕ” агенттиги билдиргенге караганда, дал ушул кырсыктардын кесепетинен Непал, Бангладеш, Индия жана Кытайда 24 миллионго жакын адам үйсүз калды. Индиянын түндүк чыгышындагы Ассам аймагын суу каптап, тик учмалар менен куткаруу иштери жүрүүдө.

- Биз 3 миңден ашык адамды сактап калдык. Биз бул жерде ар бир өмүрдү сактап калыш үчүн жүрөбүз. Кайыктар да каңтарлыып кетүүдө.. Андыктан тикучмалар гана ылайык болуп турат, - дейт армиянын куткаруу батальонунун өкүлү.

Бул аймактарда эл кийим- кече жана тамак- аш тартыштыгынан жана ич келте, жугуштуу ич өткөк ооруларынан жапа чегишүүдө.

XS
SM
MD
LG