Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Канадалык журналисттин урук-туугандары Иран сотунун чечимин апелляцияга берет


Иранда төрөлгөн Канаданын жараны Захра Каземи мындан бир жыл мурда Ирандын түрмөсүндө мээсине кан куюлуп каза болгон. Иран соту кечээ Каземинин өлүмү үчүн айыпталган коопсуздук кызматкерин актап чечим чыгарды.

Журналист Тегерандын түрмөсүнүн сыртында сүрөт тартып жаткан жеринен камакка алынган. Өкмөттүк иликтөө сурак мезгилинде аны башка уруп-сабашканын көрсөткөн.

Журналисттин энесине юридикалык жардам берип жаткан Нобель сыйлыгынын лауреаты, укук коргоочу Ширин Эбади сот жараяны эреже бузуулар менен жүрдү деп ырастоодо. Эбади апелляция арызынан майнап чыкпаса, эл аралык уюмдарга кайрылаарын эскертти. Адвокаттардын айтымында, консерваторлор көзөмөлдөгөн юстиция өкүлдөрү Каземини мыйзамсыз камакка алып, аны башка уруп өлтүргөн коопсуздук кызматкери эмес, түрмө кызматкери болгон деген билдирүүнү эсепке алган жок.

XS
SM
MD
LG