Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Грузия Орусиянын армиясынан тартып алган ракеталарды кайтарып берди


Бул тууралуу Грузиянын мамлекеттик коопсуздук министринин орун басары Гиди Угулава сыналгыдан билдирди. Анын айтымында, эки жума мурда колго түшүрүлгөн эки машинага жүктөлгөн ракета кечээ кайтарылып берилди. Маскөө ракеталардын Түштүк Осетиядагы орусиялык тынчтык аскерлерине жиберилгенин билдирген. Бирок Грузия бул жүккө уруксат алынган эмес деп ырастоодо. Түштүк Осетияны орус, грузин жана осетин тынчтык аскерлери чогуу кайтарышат.

XS
SM
MD
LG