Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Израилдин тикучмалары Газа шаарын ракета менен аткылашты


Бүгүн башталган чабуулда үч кишинин жараат алганы кабарланууда. Палестиналык коопсуздук жана медицина булактарына шилтеме берип Ройтерс агенттиги билдиргендей, чабуул Зейтун ооданындагы белгилүү согушчандын үйүн бутага алды.

Эртең менен тикучмалар коштогон израил аскерлери Газа тилкесинин Бейит Ханун шаарына киришкен эле. Ракета менен аткылоодо мында бир киши оор жараат алган. Бул шаарды Израил аскерлери өткөн айдын аягынан бери камоого алып турат.

XS
SM
MD
LG