Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Австралия террордук коркутууга баш ийбейт


Александр Даунер - Австралиянын тышкы иштер министри:

– Австралия "коркутууга моюн сунбайбыз" деп бүт дүйнөгө жарыялайт. Эгер тышкы саясатыбызды ушул өңдөнгөн коркутууларга ылайыктап жүргүзсөк, биз террористтердин чырагына май тамызабыз. Антсек, террористтер ого бетер күчөп, өргө чаппайбы.

Интернет сайтында "Тавхид" деген мурдатан аты белгисиз исламдык топ Австралия менен Италиядан Ирактан аскерлерин алып кетүүнү талап кылып, террордук чабуулдар менен коркуткан эле. Билдирүүнү аталган топтун жазгандыгы, бул топ чынында да бар экени ырастала элек.

Шаршембиде бул топ Болгария менен Польшадан Ирактан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG