Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Казакстан менен Кыргызстанда аскерий машыгуу өтөөрү күтүлүүдө


Август айынын башында Казакстан менен Кыргызстандын аймактарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерлеринин катышуусу менен “Чек-2004” аттуу аскерий машыгуу болот. Ага катышуу үчүн уюмга кирген өлкөлөрдүн аскерлери Кыргызстанга келе баштады.

Мындай машыгууну өткөрүү Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин 18-июнда Астанада өткөн жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык машыгуунун алгачкы бөлүгү Казакстанда 3-августа болуп, андан кийин 6-августа Кыргызстандын Балыкчы шаарына жакын жерде негизги бөлүгү өтмөкчү. Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлнара Кожакматованын кабарлоосуна караганда, машыгууга катышуу үчүн аскерлер Кыргызстанга келе баштады:

- Тажик аскерлери кечээ күндөн тартып келе баштады. Ал эми Россия жана Казакстандын аскерлери бүгүн келишет, - деп кабарлады Гүлнара Кожакматова. Анын айтымында, жалпысынан машыгууга 1.5 миң аскер жана Кантта жайгашкан орус аскердик базасынын учактары катышат. “Чек-2004” машыгуусунун жыйынтыгы сентябрь айында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн башкы аскердик штабдарынын өкүлдөрүнүн жыйынында чыгарылмакчы.

XS
SM
MD
LG