Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

АКШ, БУУ жана Европа Биримдиги Суданга кайрылуу жасашты


Кошмо Штаттар, Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги Судандын Дарфур аймагында жергиликтүү түштүк африкалыктарды кырып, кордоп жаткан жанжавиддерди кыска мөөнөттүн ичинде куралсыздандырууга чакырып, Судан бийлигине кайрылышты. Алар 8-апрелде сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Чаддын борбор калаасы Нжаменада кол коюлган тынчтык келишимди сактоого чакырышты.

Кечээ Улуу Британия Дарфур аймагына 5 миң бейпилдик күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүндүгүн билдирди. Австралия да өзүнүн анчейин чоң эмес сандагы аскерлерин жиберүүгө даяр экендигин маалымдады. Судан өкмөтүнүн өкүлү Ал Захави Ибрагим Малик ишемби күнү өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен Дарфурдагы коопсуздук маселелери жана гуманитардык тармактагы макулдашууларды сактоого аракет кылууда деп билдирди.

Маалыматтарга караганда, Судандын Дарфур аймагында жанжавиддер, башкача айтканда, араб согушкерлери акыркы 15 айдын ичинде эле 30 миң кишини өлтүрүшкөн. Ал эми алардын кыргынына кабылгандардын басымдуу бөлүгү - жергиликтүү африкалыктар. Алардын ичинен 1 миллиондон ашууну үйлөрүн таштап, башка жактарга качууга аргасыз болушту. Өткөн бейшембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Судандын батышындагы Дарфур аймагындагы абалды талкуулашкан. Бул жолугушууда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон араб согушкерлерине Дарфурдагы жергиликтүү бийлик жардам көрсөтүп жатат деген пикирде экендигин билдирген:

- Ошол жердеги бийликтер жанжавиддер жоокерлерине колдоо көрсөтүп, козутуп жатышат. Муну токтотпосо болбойт. Биз Судан өкмөтүнө ачык эле айттык. Дарфурда бомбалар жарылып, тик учактар асмандан аткылап жатканы кабарланууда. Дарфурда тикучактар эмне кылып жатканын түшүнбөйм. Мен аларды кетирип, ансыз да коркунуч менен кооптонууга дуушар болгон аймакта тартип орнотуу керек деп эсептейм, - деди Пауэлл.

Ал эми Кофин Аннан Судан өкмөтүн өз жарандарынын укуктарын бирдей коргоого чакырган:

- Дүйнө коомчулугу Судан өкмөтүнөн эл аралык келишимдерди аткаруусун талап кылышы керек. Аларга ылайык расмий Хартум жанжавид жана башка мыйзамсыз уюшмаларды тез арада куралсыздандырууга тийиш, - деген Кофи Аннан.

Бейшембиде Кошмо Штаттардын Конгресси президент Жорж Бушту Суданга каршы санкцияларды киргизүүгө жана ал жактагы геноцидди токтото турган көп улуттуу күчтөрдү жөнөтүүгө үндөгөн резолюция кабыл алды.

Дарфурдагы кагылышуулар мындан 15 ай мурда жергиликтүү африкалыктар жер жана суудан келип чыккан талаш-тартыштардан улам араб жердештерине каршы курал менен чыккандыгы менен башталган. Ошондон бери араб согушчандары аларды кордоп-зордоо аракеттерин улантышууда.

XS
SM
MD
LG