Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Ысыккөлдөгү ишкерлер каттоого алынат


БИШКЕК. 1-августтан 31-августка чейин Ысыккөлдүн айланасында тейлөө тармагында иштеген адамдар менен ишканалар каттоого алынат. Ага өкмөттүн жана Ысыккөл облустук администрациясынын токтомдору негиз берет. Азыр каттоо жүргүзүү үчүн Ысыккөл облусунун губернаторунун орун басары Орозбек Бектуров башында турган облустук штаб түзүлдү. Ушундай эле штабдар район, шаарларда да түзүлүп, каттоо жүргүзүү милдети Улуттук статистикалык комитеттин жергиликтүү кызматкерлерине тапшырылды. Каттоо жүргүзүүгө Ысыккөлдүн жээгинде тейлөө кызмат көлөмүнүн көбөйгөнү, бирок ага жараша салыктын алынбаганы түрткү берди. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG