БИШКЕК. 27-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстанда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы Жон Абизэйд расмий визит менен болот. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынды. Жон Абизэйд визит маалында президент Аскар Акаев, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Коргоо министри Эсен Топоев, Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев жана Чек ара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы аскерий кызматташуу маселелери талкууга алынат.