Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Алай районундагы проблемалар өкмөттүн көзөмөлүндө


БИШКЕК. 1946-жылы Алай районунан 57 миң гектар жайыт жер Тажикстандын Мургаб районуна узак мөөнөт менен арендага берилген. Ошол аймакта жайгашкан Сарымогол айылында 3040 адам жашайт. Алардын 1500 жаш балдар. Айылдын тургундары совет мезгилинде Тажикистандын паспортун алышкан эле. Анын айынан бир катар проблемалар пайда болгон. Премьер-министр Николай Танаевдин иш сапарынын жыйынтыгында айылдын 471 тургунуна Кыргызстандын паспорту бериле турган болду. Ушундан улам бир катар социалдык маселелерди чечүүгө тапшырмалар берилди. Бул тууралуу премьер-министрдин аппарат башчысынын төрага орун басары Болот Бейшенкулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле Алай районунда эки көмүр кенин иштеткен Кытайдын ишканасы келишимдерге ылайык иш жүргүзбөгөндүктөн аларды жабуу маселеси каралган. Ал эми Ош шаарынын Жапалак айылында иштетилбей жаткан 2600 гектар жерге суу чыгаруу тиешелүү министрликке тапшырылган.

XS
SM
MD
LG