Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Мордечай Вануну Израилден тышкары чыкпайт


Израилдин Жогорку соту Мордечай Ванунуга өлкөдөн чыгууга тыйуу салган баштапкы соттун чечимин күчүндө калтырды. Өлкөнүн атомдук сырын ачыкка чыгарды деп айыпталып, 18 жылга абакка кесилген Вануну быйыл апрелде жаза мөөнөтүн аяктап, эркиндикке чыккан. Ал Жогорку Соттун чечимин уккандан кийин мындай билдирүү жасады:

- Мага адам укугунун негизи демократияга ылайык эркин сүйлөөгө жана эркин жүрүүгө уруксат берилет деп күткөм. Эгер Израилде демократия болсо, менин сүйлөө укугум сыйланыш керек.

Ал 1984-жылы Лондондун “Санди таймс” гезитине жарыялаган макаланын негизинде адис-эксперттер Израилде 100дөн 200 даанага чейин атомдук куралы бар деген тыянакка келишкен.
Израил анда өзөктүк куралы бар же жок экенин эзели тастыктаган эмес.
Европага же Кошмо Штаттарга чыгып кетүүнү каалаган Ванунунун айтымында, анда ашкере кылчу эч кандай маалымат жок.

XS
SM
MD
LG