Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Европанын эң жаш премьер-министри чех Станислав Гросс

Чех президенти Васлав Клаус Социал-демократтык партиянын төрагасы Станислав Гроссту өлкөнүн премьер-министрлигине ырасмий түрдө көрсөттү.
34 жаштагы Гросс Европадагы эң жаш өкмөт башчы болот.
Буга чейин ички иштер министри болуп иштеп келген Гросстун алдында 1-августка чейин орточул Христиан-демократтык жана оңчул Эркиндик биримдиги менен курама өкмөттү түзүү милдети турат.
Мурдакы премьер-министр Владимир Шпидла ал башындагы солчул коалиция Европарламент үчүн июнда болгон шайлоодо жеңилип калгандан улам СДПнын башчылыгынан кетүүгө мажбур болгон.
​
XS
SM
MD
LG