Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Карзай президенттик шайлоого катышаарын ырасмий түрдө ырастады


Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзай 9-октябрда болчу президенттик шайлоого катышаарын жарыя кылды.
Карзай ошондой эле вице-президенттикке талапкер деп, өлкөнүн Россиядагы элчиси Ахмад Зия Масудду көрсөттү.
Ахмад 2001-жылдын 9-сентябрында киши колдуу болуп өлгөн таанымал лашкер башчы Ахмед Шах Масуддун бир тууганы.
Карзай экинчи вице-президенттикке хазар азчылыгынын баштоочусу Карим Халилини тандаарын билдирди.
Ооганстандын шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке ат салышчу адам вице-президенттик эки орунга талапкерлерди да атоосу шарт.
Таасирлүү аскер башчы, коргоо министри Мохаммед Фахим Карзай үчүн күчтүү атаандаш болот деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG