Италия өлкөгө каршы террордук чабуулдарды болтурбоонун бардык аракетин жасайт дейт ички иштер министри Жузеппе Пизану "Il Giornale" гезитине бүгүн чыккан интервьюда. Бирок ал толук коопсуздукка жетишүү мүмкүн эмес деп, Европа өлкөлөрүн терроризмге каршы чогуу күрөшүүгө чакырат.
Ишемби күнү эки исламчыл топ премьер-министр Сильвио Берлусконинин америкачыл өкмөтү өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетпесе, Италияга каршы чабуул баштаарын эскерткен.
Пизанунун сөзүнө караганда, Италияда Ватиканды кошо эсептегенде 13 600 бутага алынчу жай бар жана аларды коргоо үчүн 4 миң ашык аскер кошумча тартылды.