Москва. Крымда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын өлкө башчысы Леонид Кучма эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Президенттер бирдиктүү экономикалык аймакты калыптандыруу маселеси боюнча да пикир алышышты. Путин эки өлкөдөгү энергетикалык жана башка маселелерди Орусия менен Украинадан сырткары Беларус, Казакстан кирген бирдиктүү экономикалык аймактын түзүлүшү менен чечүү мүмкүн деген пикирин билдирди.
Ушул эле күнү Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен да жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташууларды талкуулашты.
Ушул эле күнү Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен да жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташууларды талкуулашты.