Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

АКШнын Демократиялык партиясынын улуттук курултайы башталды


Вашингтон. АКШнын түндүк чыгышындагы Бостон шаарында өлкөдөгү Демократиялык партиянын улуттук курултайы башталды. Ага Демократиялык партиянын бүтүндөй саясий элитасы, алардын ичинде АКШнын мурдагы президенттери Жимми Картер менен Билл Клинтон, өлкөнүн мурдагы вице-президенти Альберт Гор, сенатор Хиллари Клинтон жана башкалар бар. Алар Демократиялык партиядан президенттикке талапкер сенатор Жон Керринин шайлоочулар тарабынан тандалып алынышынын негизги жүйөөлөрү жөнүндө айтышмакчы.

Курултайда Билл Клинтон, Жимми Картер жана Альберт Гор сөз сүйлөшүп, президенттикке талапкер Жон Керри менен вице-президенттикке талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Жон Эдвардстын саясий, эконмикалык жактан мамлекет башарууга жетиштүү даярдыктары жөнүндө айтышты. Алар ошондой эле азыркы президент Жорж Буштун тышкы жана ички саясатта кетирген кемчиликтерине да токтолушту.

Ал эми сенатор Хиллари Клинтон Керринин президент Бушка караганда эл аралык иштерде, аскердик жана коргоо маселелеринде тажрыйбасы жогору экендиги жөнүндө белгиледи.

Демократиялык партиянын курултайы төрт күнгө созулат. Жон Керри курултайга шаршембиде келет жана өзүнүн саясий платформасын тааныштырат. Бейшемби күнү курултайда Жон Керри расмий түрдө АКШнын президенттигине талапкер деп жарыяланат. Курултай баштаалар алдында Керри соңку он жылдар ичинде америкалыктар эч качан бүгүнкүдөй абалда болгон эместиги жөнүндө билдирди:

- Соңку 35 жылдын ичинде АКШ эч качан азыркыдай оор абалга учурап, чет өлкөлөрдө жүргөн америкалыктар бүгүнкүдөй коркунучка кабылган эмес. Мен АКШга анын бүткүл дүйнөгө жол көрсөтүүчү катары мурдагы аброюн, ага болгон урмат-сыйды, 11-сентябрдагы окуядан кийин аны менен бүткүл дүйнө бирге болгондой таасирин кайтаргым келет , - деди сенатор Жон Керри.

Ал ошондой эле, президент Жорж Буштун экономикалык саясатчылары Американын эли үчүн жетиштүү деңгээлде иштей албай жатат деген көз карашын да билдирди.

Керри терроризмге каршы күрөшүүнү жакшыртуунун зарылдыгы жөнүндө:

- Согушту, террорчулукту 11-сентябрдагы окуялар көрсөткөндөй бир гана аскердик компоненттер менен жеңүүгө мүмкүн эмес. Бул жөнүндө аталган окуяны иликтөө боюнча комиссия тарабынан да белгиленди. Ошондуктан, башка өлкөлөр менен алардан керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн деңгээлде кызматташа алган башкаруучу керек. Биз жетиштүү түрдө маалыматтарга ээ болууга тийишпиз. Биз террористтер кимдер, алар кайсы жерде экендиги, эмнелерди пландаштарып жаткандыгы тууралуу билип турушубуз керек , - деди Керри.

Курултайга 5 миңге жакын делегат, 15 миңге жакын коноктор жана журналисттер катышууда.

АКШдагы президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өтөт.

XS
SM
MD
LG