КАРАКОЛ. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусу тарабынан уюштурулган "Ысыккөлдүн жылдыздары" аттуу эл аралык фестивалдын жыйынтыктоочу концерти Чолпоната шаарындагы "Рух ордо" маданий комплексинде өттү. Ага "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусунун төрайымы, бир катар министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана облустун коомчулугу катышты. Майрам Акаева эл аралык фестивалдын өзгөчөлүгү жана аны уюштуруу максаты тууралуу сөз сүйлөп, Германиядан, Түркиядан, Индиядан, Орусиядан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген жаш таланттарга ыраазычылыгын билдирди. Айтылган айрым пикирлерге караганда, бул жолку фестивалда чыгармачылык байланыштын негизинде бир катар интерансамблдер, интероркестрлер түзүлүп, дүйнө элине белгилүү чыгармаларды аткаруучу жаш таланттардын дагы бир мууну пайда болду. Иш-чаранын соңунда фестивалдын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.