Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Атбашы–Ачакайыңды көпүрөсү кайра курулат


НАРЫН. Атбашы районунун тогуз айылын Жибек жолу менен байланыштырып турган Атбашы-Ачакайыңды жыгач көпүрөсү 65 жыл мурда колхозчулардын күчү менен 9 айда бүтүрүлгөн экен. Узундугу 276 метр келген көпүрөгө кыйла жылдан бери капиталдык оңдоо жүргүзүлбөгөн. Ушундан улам эскилиги жеткен бул маанилүү көпүрөдөн автоунаалардын каттоосу кыйындап, маселени чечүү өкмөттүк деңгээлге чейин бир нече ирет көтөрүлгөн. Президент Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев талапка ылайык көпүрө куруу үчүн убадаларын бергендиктери менен акча каражаты чечилген эмес. Өкмөттөн күдөрүн үзгөн жергиликтүү тургундарга "Дордой" көп тармактуу фирмасы жардамга келгендигин, темир бетон көпүрөнү курууга бир жарым миллион сом бөлгөндүгүн губернатордун орун басары Чыңгыз Исмаилов билдирди. Ал эми Атбашы районунун акими Адыл Сайдинов жакынкы күндөрдө иш башталарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG