Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Түркиянын делегациясы Бишкекке келет


БИШКЕК. Август айынын тогузунда Кыргызстанга Түркиянын акредитация агенттигинин делегациясы келет. Ал Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин акредитация жана стандартташтыруу тармагындагы байланышын өркүндөтүү максатын көздөйт. Делегация өкүлдөрү Кыргызстандын стандартташтыруу жана метеорология системасы менен таанышып, Түркиянын да стандартташтыруу жана акредитация тармагы тууралуу кыргызстандык адистер үчүн уюштурулчу семинарда маалымат беришет. Визит Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин ушул жылдын январь айында Тегеранда кабыл алган чечимин ишке ашыруу үчүн уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG