Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын коомчулукка кайрылуусу


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети коомчулукка атайын билдирүү менен кайрылды. Документте Жогорку Кеңештин депутаты, «Атамекен» саясий партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов президент Аскар Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышаар же катышпасын аныктап берүү тууралуу Конституциялык сотко жолдогон арызын кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылган. "Анткени Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого катышпасын бир нече ирет билдирген, биз анын сөзүнө ишенебиз", деп айтылат кайрылууда. Эгерде Конституциялык сот депутат Дүйшөн Чотоновдун арызын канааттандырып, президент келерки мөөнөткө барууга укугу бар деген чечим чыгарса, бул иштин бүткүл саясий жоопкерчилиги “Атамекен” партиясына, өзгөчө анын төрагасы Өмүрбек Текебаевга жүктөлөт, деп көрсөткөн укук коргоочулар.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов “конституциялык сотко жолдогон катын албай тургандыгын ырастады. “Бул менин жеке ишим. Буга “Атамекен” партиясынын эч кандай тиешеси жок. Жазган катым үчүн өзүм жооп берем” деп билдирди депутат “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG