Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

АКШнын мурдагы президенттери Клинтон жана Картер Жон Керрини колдоодо


АКШнын Бостон шаарында кечээ күнү Демократиялык партиянын курултайы башталды. Анда Жон Керри партиянын атынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүүгө тийиш. Кечээ күнкү жыйында АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон чыгып сүйлөп, президент Жорж Бушту катуу сынга алып, анын өкмөтү Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык коомчулук менен болгон мамилелерин начарлатты деп күнөөлөдү. Андан тышкары талапкер Жон Керри үчүн Клинтон катардагы жоокер сыяктуу кызмат кылууга даяр экенин билдирди:

- Биз өз кемебиздин капитаны кылып эр жүрөк адамды тандаш керекпиз. Кемени ал туура башкарып, элди тынч суу, ачык асман алдына жеткирүүгө тийиш. Биздин милдет ошол жана андай адам деп биз Жон Керрини атайбыз.

Жыйында мурдагы президент Жимми Картер менен мурдагы вице-президент Алберт Гор кечээ күнү, ал эми бүгүн болсо сенатор Эдвард Кеннеди чыгып сүйлөп, Керриге колдоо көрсөттү.

XS
SM
MD
LG