Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Москвада санкцияланбаган нааразылык акция өттү


Москва. Кечээ Москвада “Яблоко” партиясынын жаштар кыймылынын 15 чактыдай активисти санкцияланбаган нааразылык акцияга чыгышты. Алар Орусиянын атайын кызматтарынын иш-аракеттерине жана Чеченстандагы азыркы кырдаалга карата нааразылыктарын билдиришти. Акциянын катышуучулары өлкөнүн Федералдык Коопсуздук кызматынын имаратынын жанына чыгып, баракчаларды таратышты. Баракчаларда алар мындан ары да атуулдук баш ийбөө акцияларын жүргүзө тургандыктары жөнүндө маалымдалган. “Яблоко” партиясынын маалымат катчысы Сергей Казаковдун билдиргенине караганда, акциянын бир нече катышуучусу тартип коргоо органдары тарабынан кармалып, айрымдары токмоктолду. “Яблоко” Орусияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоого чейин өлкөдөгү парламенттик партия деп эсептелген. Партия алгач ирет мындай радикалдуу акцияны өткөрдү.

XS
SM
MD
LG