Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Жалалабад шаарынын башчысы шайланды


ЖАЛАЛАБАД. 28-июлда Жалалабад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, анда уюштуруу маселеси каралды. Сессияга катышкан 28 депутат Жалалабад шаарынын мэрин шайлоо маселесин талкуулады. Президент сунуштаган эки талапкердин бири облустук бийликтин аппарат жетекчиси Алмаз Асаналиев өз милдет пландарына байланыштуу шаар башчысы шайлоосуна катышуудан баш тартты. Калааны убактылуу башкарып келе жаткан талапкер Өмүрбек Шаршеналиев Жалалабадда топтолгон социалдык-экономикалык кыйла проблемаларды чечүүгө, күч үрөөгө убада берди. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аны 26 депутат жактап, 1 депутат каршы чыкты. Сессиянын чечими менен Өмүрбек Шаршеналиев шаар башчылыгына шайланды.

XS
SM
MD
LG