ОШ. Суулу жерлердеги дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү эми гана кызыган маалда Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Оркия айылынын 12 үй-бүлөсүнө таандык буудай талаасы өрттөнүп кетти. Жапа чеккен адамдардын бири Избасар Бекеновдун айтымында, алар алоолонгон өрттүн жалынын эртең мененки ондор чамасында гана байкашкан. Чакырылган өрт өчүргүчтөр үлгүрүп келгиче бышып турган буудай талаасынын жарымынан көбү күйүп кеткен. Айыл өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, келтирилген зыяндын көлөмү буудай айдоого кеткен чыгымды кошкондо 500 миң сомдон ашуун акча каражатын түзөт. Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Докдурбек Абдыраевдин айтымында, өрттүн чыгышы белгисиз адамдар колдуу болушу мүмкүн. Учурда өрттүн чыгыш себептерине шектүү деп эсептелген адамдар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.