Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Нарын облусунда айылдык инвестицялык долбоордун алкагында 5 долбоор ишке ашырылды


НАРЫН. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин облустагы өкүлү Алмаз Ашыралиев билдирди. Анын айтымында, июль айына чейин тоолуу региондон айылдык инвестициялык долбоорго үч айылдык кеңеш пилоттук жана жети айылдык кеңеш негизги этапка киргизилген. Долбоорго камтылган 27 айылда 7 млн. сомдук 42 долбоор жазылып, анын бешөө ишке ашырылган. Алар Нарын районундагы Ташбашат, Куланак айылдарындагы маалымат борборлор, Атбашы районундагы Дыйкан, Карасуу айылдарындагы көчөнү жана регациялык каналдын бүткөрүлүшү жана Кочкор районундагы Кызылдөбө айылындагы жаңы транформатордук подстанциянын орнотулушу, ал эми август айында болсо долбоорго облустан дагы 5 айылдык кеңеш, же болбосо 14 айыл кирерин кошумчалады Алмаз Ашыралиев.

XS
SM
MD
LG