Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Жаңы паспорттор бериле баштады


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге жаңы үлгүдөгү паспорт тапшырылды. Жаңы үлгүдөгү паспортту парламенттин эки спикери, өкмөт башчы, мамлекеттик катчы, Бишкектин мэри жана президенттик администрациянын башчысы да алышты. Паспорт берүү аземине Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Каколи Рей, кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана чет өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Аземден кийинки маалымат жыйынында жаңы үлгүдөгү паспорт жана адамдын ким экендигин аныктаган карта 1-августтан тарта бериле тургандыгы жарыяланды. Кыргыз атуулдары өлкө ичинде гана пайдаланууга көк түстөгү паспортту 10 жылга, чет өлкөгө чыгуу үчүн кочкул көк түстөгү паспортту 5 жылга, кызматы боюнча чет өлкөгө чыгуучу мамлекеттик кызматкерлер жашыл түстөгү паспортту алышат.

Кыргызстанда 1995-жылдан бери берилип келаткан паспорттор берилген мөөнөтү аяктаганча жарактуу болот. Ага чейин жаңы паспорт алгысы келгендердин өтүнүчүнө каршылык болбойт.

XS
SM
MD
LG