Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Коргоо министри маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. 4-августта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун «Чек-2004» деген аталыштагы машыгуусу Тажикстан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын атайын аскер отряддарынын катышуусунда өтөт. Аны утурлап 24-25-июлда Балыкчы шаарынан анчалык алыс эмес “Мамыры гүлү” тоодогу машыгуу борборуна жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атайын аскерлери келишкен. Машыгууларга көбүнесе Кыргызстандын аскерий техникасы ошондой эле, Орусиянын учактары катышат. Мындай маалыматты бүгүн Коргоо министри Эсен Топоев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Борборазиядагы аскерий-саясий кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин аскердик күчтөрүнүн машыгуусу өткөрүлүүдө.
Бул аскерий иш чарага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа да катышат.

Ал эми 6-августа Чолпонатада мамлекет башчысы Аскар Акаев төрт мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн министрлери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG