Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

«Фридом хауз» "Хизб ут-Тахрирди" колдобойт


БИШКЕК. «Фридом хауз» эл аралык уюму «Хизб ут-Тахрир» партиясынын идеологиясын айыптайт жана колдобойт. Мындай билдирүүнү бүгүнкү маалымат жыйынында «Фриздом хауз» эл аралык уюмунун «Адам укуктарынын активисттерин колдоо» долбоорунун директору Стюарт Кан жасады.

Ал мындай билдирүү жасоого «Слово Кыргызстана» гезитинин ушул жылдын 23-июлундагы санына жарыяланган «Экстремисттер, кезек бизде!» деген макалада «Өтө оңчул радикал маанайдагы «мусулмандарды» «Фридом хауз» бейөкмөт уюму өзгөчө коргоп жатат» деп жазганы түрткү берди деп билдирди.

Андан тышкары Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Токон Мамытовдун өкмөттүн 28-июндагы жыйынында «Хизб ут-Тахрирге» каршы күрөшкө кыймылдын айрым мүчөлөрүн диний ишеними үчүн куугунтукталып жатат деп, «Фридом хауз» баштаган айрым эл аралык уюмдардын коргоого алуусу тоскоол кылууда» деген маалыматы да себеп болгон.

Стюарт Кан «Фридом хауз» уюму адамдардын саясий, дин тутуу, сөз эркиндигине чек коюу саясатын жүргүзгөн «Хизб ут-Тахрир» кыймылын жактабай тургандыгын, бирок кандай динди туткандыгына карабастан адам бийлик тарабынан куугунтукталып, кыйноого алынбоого тийиш деп билдирди.

Ошондой эле жарандык коомду коргоо зарылдыгын белгилеп, «ал үчүн башкы прокуратура менен соттор адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын чегиндеги аракеттерди көрүүгө милдеттүү»,-деди Стюарт Кан.

XS
SM
MD
LG