Американын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл Египеттин президенти Хосни Мубарак менен жолукту. Тараптар Ирактагы кырдаал, Израил менен Палестина мамилелери жана Египеттин түштүктөгү коңшусу Судандагы кризис тууралуу сүйлөштү. Жолугушуу учурунда Египеттин мамлекет башчысы Палестин лидери Ясир Арафатты телефон аркылуу аймактагы чатакты чечүүгө жана Палестин өкмөт башчысы менен кызматташууга ынандырганга аракет кылды.
Коллин Пауэлл бүгүн Египеттин өкмөт башчысы Ахмед Назиф жана Тышкы иштер министри Ахмед Абдулгайс менен да жолугат.
Коллин Пауэлл бүгүн Египеттин өкмөт башчысы Ахмед Назиф жана Тышкы иштер министри Ахмед Абдулгайс менен да жолугат.