Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Бакубадагы жардыруудан 68 адам набыт кетти


Ирактагы бул чакан шаарчада бүгүн ири жардыруу болду. АКШнын аскерий адамдары билдиргенге караганда, полиция бөлүмүнө жасалган бул террордук чабуулдан бери дегенде 68 киши набыт болуп, дагы кыркка жакыны жарадар болду.

Полициянын имаратынын жанына токтогон машинада жанкечти отурган. Жардыруу эртең мененки кымгуут убакта болгон. Ал эми полициянын имаратында Ирактын тартип коргоо органдарында кызмат өтөөнү каалаган уландарды кабыл ала турган борбор жайгашкан.

Ирак бийлиги болсо өлкөдөгү кооптуу кырдаалга карабастан Улуттук жыйын өткөрүү оюнан баш тарпастыгын билдирди.

Эскерте кетели, ушул апта ичинде Ирактын 1000ге жакыны атуулу Улуттук жыйынга чогулуп, убактылуу парламентти шайлаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG