Бакуба калаасында күчтүү бомба жарылуусунан 68 адам набыт кетип, 56 киши жараат алды. Бомба катылган жеңил машине Бакубадагы полициянын имаратынын жанына токтотулган. Ошондой эле Сувария калаасында коалициялык күчтөр 35 көтөрүлүшчүнү атып өлтүрүп, кагылышууларда Ирактын коопсуздук кызматынын жети аскери курман болду.