БАТКЕН. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан облустарындагы 30 бейөкмөт уюм август айынан тарта "Тынчтык өрөөнү" аттуу биргелешкен долбоорду ишке ашыра баштайт. Аталган долбоордун алкагында алгач өрөөндөгү чек аралардан өтүү кырдаалына иликтөө жүргүзүлүп, бул багыттагы көйгөйлүү маселелер талдоого алынат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кошуналаш үч өлкөдөн 18 чек ара бекети тандалып алынды. Бул иш чара төрт ай бою жүргүзүлүп, декабрь айында жыйынтыгы чыгарылат. Долбоор Даниянын качкындар иши боюнча Кеңеши тарабынан каржыланат. Фергана өрөөнүндөгү 30 бей өкмөт уюм ушул жылдын башында бей өкмөт уюмдардын түйүнүн түзүшкөн. Ал эми анын координациялык кеңешине Кыргызстандан "Эл аралык толерантуулук үчүн", Өзбекстандан "Ишонч", Тажикстандан "Астия" аттуу бей өкмөт уюмдар киришкен. Бул тууралуу маалымат аталган түйүндүн мүчөсү, Баткендеги "Дан азык" бей өкмөт уюмунун жетекчиси Максуда Айтиевадан 29-июлда алынды.