Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:35

Танаев жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жерлерде болду


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев бүгүн Чүй облусундагы Чүй, Ысыката райондорун жана Токмок шаарын кыдырып, июль айынын ортосунда катуу жааган жаандагы селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Токмок шаарына коркунуч келтирген Кызылсуу суусун бекемдөө үчүн кошумча 9 миллион сом бөлүүнү премьер-министр сапарынын учурунда каржы министрлигине тапшырды. Ал эми Ысыкатадагы суу берүүчү түйүндү калыбына келтирүү үчүн үч күн аралыгында өкмөт тарабынан 2 миллион сом бөлүнмөй болду. Жаандан пайда болгон сел суу берүүчү түйүндү бузуп кетип, натыйжада 9 айылдын эли таза суусуз калышкан.

XS
SM
MD
LG