БИШКЕК. Кыргызстанда калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча стратегия иштеп чыгуу маселеси бүгүн Улуттар Уюмунун Бишкек кеңсесинде өткөн "тегерек үстөлдө" талкууланды. Бул талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, бардык министрликтердин жана Кыргызстанда иштеп жаткан донор уюмдардын өкүлдөрү катышты.
"Тегерек үстөлдө" калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча Дүйнөлүк саламаттык уюмунун эксперттеринин иликтөөсүнүн тыянагы ачыкталды. Анда саламаттык сактоо ишмердүүлүгүнүн юридикалык базасын чыңдоо сунушу айтылган. Талкууда ошондой эле жугуштуу эмес илдеттерди алдын алуу, кургак учук, жыныстык жол менен жугуучу илдеттерге, тамеки тартууга, алкоголизмге жана баңгиликке байланышкан илдеттерге көңүл бурулбай жатканы айтылды.