БИШКЕК. Феликс Куловдун арызын сотто кароо создуктурула берсе - ал саясий ачкачылык жарыялоо маселесине кайрылууга аргасыз болот. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Феликс Куловдун өздүк ишине тийиштүү кагаздар мыйзамга ылайык №19 түзөтүү жайында эмес, дале Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгында сакталып турат. Бул, иштин сотто каралуусуна тоскоолдук кылууда. Партиянын өкүлдөрү менен бейшембидеги жолугушууда түзөтүү колониясынын жетекчилиги Феликс Куловдун арызы толукталып, 3-августта Сокулук райондук сотуна жеткирилерин билдирген. Документтердин толук эместигине байланыштуу райондук сот Куловдун биринчи арызын кабыл алуудан баш тарткан эле.