Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

КМШ чегарачылары коопсуздук кызматташтыгы боюнча жобо даярдашууда


БИШКЕК. Тышкы чегараларда кризистик жагдай түзүлгөн шартта Шериктеш өлкөлөрдүн алкагында өз ара көмөктөшүүнү уюштуруу тууралуу жобонун долбоору даярдалып жатат. Ал террорчулар, мыйзамсыз куралдуу топтор жүргөн багыттарды табуу жана аны жок кылуу, жарылуучу заттарды, жабдыктарды, курал-жарак жана ок-дарыларды КМШ аймагына мыйзамсыз алып өтүүнү алдын алуу иштерине багытталат.

КМШнын аткаруу комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Кабар» агенттиги тараткан маалыматка караганда, бул жобо 3-4-августта эксперттик топтун отурумунда кабыл алынышы күтүлүүдө. Минскиде өтө турган бул отурумга Кыргызстандан кимдер барары тууралуу маалымат таратыла элек.

XS
SM
MD
LG