Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Түрк тилдүү төрт мамлекет коопсуздук кызматташтыгын күчөтөт


БИШКЕК. Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтары эл аралык терроризмге каршы күрөш багытындагы кызматташтыктын алкагын кеңейтүүнү макулдашты. Мындай макулдашуу атайын кызматтардын Астана жолугушуусунун жума күнү кабыл алынган жыйынтык документинде белгиленди. Документке Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин башчысы Нартай Дутпаев, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов, Азербайжандын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Тофик Бабаев жана Түркиянын атайын кызматынын кеңешчиси Шенкал Атасагун кол коюшту.
Отурумда терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, уюшкан кылмыштык топторго каршы күрөш боюнча беш маселе каралды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын отурумуна байкоочу катары Россияын жана Украинанын тиешелүү тармактарынын өкүлдөрү катышты.Бул маалыматты бүгүн Кыргызинфо агенттиги таратты. Кыргызстандын коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Астана отуруму 27-28-июлда болду.

XS
SM
MD
LG