Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Пакистан Иракта барымтага алынган эки атуулунун өлтүрүлүшүн кескин сынга алды


Багдад. Пакистандын өкмөтү Иракта барымтага алынган эки атуулунун өлтүрүлгөнүн кескин сындаган билдирүүсүн жарыялады. Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Масуд Хан буга байланыштуу мындай деди:

- Бул адамдар исламга каршы, адамзатка каршы, Пакистандын жана Ирак элдерине каршы кылмыш жасашты. Алар бейкүнөө эки адамды өлтүрүү менен эч кандай максатына жетишкен жок .

Пакистандын эки атуулу өздөрүн “Ирактын исламчыл армиясы” деп атаган уюм тарабынан өлтүрүлдү. Уюм кечээ Пакистан Иракка аскерлерин жөнөтүү маселесин караштырып жактандыктан, барымтадагы эки пакистандыкты өлүмгө буйруганын маалымдаган.

“Ал-Жазира” телканалы болсо пакистандыктардын өлүгү тартылган тасманы белгисиз бирөөлөр таштап кеткенинин билдирди. Бүгүн “Ал-Жазира” телеканалы ошондой эле Сомалинин барымтага алынган атуулу тартылган видеотасманы да көрсөттү.

XS
SM
MD
LG