Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Нарында эмгекти коргоо боюнча жыйын өттү


НАРЫН. Облустун башкы мамлекеттик эмгек инспектору Алмаз Максүтов эмгек жөнүндө мызамдар көпчүлүк учурда иш берүүчүлөр тарабынан бузулуп жаткандыгын белгилеп, облустук эмгек инспекциясы соңку жылдарда 370 мекеме ишкананы текшергенде 1115 пунктан турган эмгек мыйзамдардын таламдары аткарылбагандыгын жарыя кылды. Эмгек мыйзамдарды аткарбаган тогуз мамлекеттик ишкананын жооптуу жетекчилигине жалпысы 26 миң сомдук айып салынып, айлык маяналарын өз убагында албаган 77 адамга 384 миң сом төлөтүлүп берилген. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жети объектинин иштери убактылуу жабылган. Бул көрсөткүчтөр мындан да көп болушу мүмкүн. Жер-жерлерде штаттын жоктугунан, элдин эмгек боюнча арыз-даттануулары өз маалында толук чечилбей жүрдү эле, - дейт Алмаз Максүтов.

XS
SM
MD
LG