Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Кыргызстан Өзбекстан чегарасындагы миналарды тазалоо иштери башталат


БАТКЕН. Август айынын орто ченинен тарта Баткен облусу менен Өзбекстандын чектешкен аймагына коюлган миналарды тазалоо иштери башталат. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин 30-июлда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 15-августтан тарта кыргыз-өзбек чек арасына коюлган миналарды тазалоону эки өлкөнүн чегара кызматтарынын өкүлдөрү биргелешип жүзөгө ашыра баштамакчы. Бул тууралуу Баткен чегара бөлүгүнөн Өзбекстандын Сох районундагы чегара бөлүгүнүн башчылары макулдашты. Буга өзбек өкмөтү өзүнүн чек ара кызматына чегараларды минадан тазалоо милдетин койгону түрткү болгон. Тазалоо иштери алгач Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Баткендин Сай, Таян, Сырт айылдарынын айланасынан башталып, андан соң Төрткүл жана Суубашы айыл өкмөттөрүнүн аймагында улантылат. 1999-жылы Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чек арага мина койгон. Бул миналардан Баткен облусунун аймагында 14 жарылуу болуп, андан облустун эки тургуну каза таап, үчөө оор жаракат алган. Мындан сырткары эл бир канча мал жанынан ажырап, жалпысынан 7 млн. сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG