БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда кыргыз темир жолунун 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйын болду. Ага премьер министр Николай Танаев катышып сөз сүйлөдү. Өкмөт башчы кыргыз-кытай темир жол курулушу кыргыз темир жолунун келечегин ачаарын белгиледи. Жыйын соңунда темир жолчуларга майрамдык концерт тартууланды.