Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Жергиликтүү башкарууну реформалоо КМШ аймагында алдыда баратат


БИШКЕК. Кыргызстанда жергиликтүү башкарууну реформалоонун жана децентрализациялоонун арымы Россия, Казакстан баш болгон КМШ өлкөлөрүнөн алдыга кетти. Ошондуктан, Кыргызстан тарап Бишкекте тажрыйба алмашуу семинарын уюштурууну көздөп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн «Кыргызинфо» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев билдирди. Министрдин айтымында, азыр Кыргызстан аймагында 6 миң жамаат бар. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймагында түзүлгөн. Ушундай эле жамааттарды түндүк аймактарда да көбойтүү аракети көрүлүүдө. Келечекте алардын саны жалпысынан 100 миңге чамалап барышы ыктымал. Төлөбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандагы жергиликтүү өзүн өзү башкарууну реформалоо калктын саясий активдүүлүгүн жандандырууда. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча министр 10-октябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого эл активдүү катышаарына ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG