Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кытай делегациясы Кыргызстанда


БИШКЕК. 29-июлда тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кытайдын эл аралык мамиле университетинин биринчи вице президенти Ан Юньюйемди кабыл алды. Анда эки тарап кыргыз-кытай кызматташуусунун деңгээлин жогору баалап, жылдык сооданын көлөмү 200 миллион долларга жеткенин канааттануу менен белгилешкен. Эки мамлекеттин билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташууга токтолгон тараптар, анын өнүгүшүнө Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академия менен Кытай университетинин ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу кеңири жол ачат деген ишеним билдиришкен. Андай макулдашууга кол коюу жакын арада болмокчу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG