Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Төлөкан Исмаилова БУУга кайрылууну көздөөдө


БИШКЕК. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирген маалыматты териштирип берүү суранычы менен Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өнүгүп келаткан өлкөлөргө карата 1999-жылы резолюция кабыл алгандыгын, анда улуттук эркиндикти сыйлоо, бөлөк мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө эл аралык принциби камтылгандыгын белгилеген. Муну менен төрага чет өлкөлүк уюмдар жана алар түзгөн бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын ички саясий иштерине киришүүгө акысы жогун белгилеген. Ал эми Төлөкан Исмаилованын пикирине караганда, ЕККУ мүчөсү жана эл аралык уюмдардан жардам алган өлкө катары Кыргызстанда шайлоо компанияларын көзөмөлдөөгө бейөкмөт уюмдар милдеттүү.

XS
SM
MD
LG