Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

АКШнын өкмөттүк уюму КМШ президенттерине жооп жазды


БИШКЕК. АКШнын Европа коопсуздук жана кызматташуу (Хельсинки) комиссиясынын КМШ мамлекеттеринин президенттерине жолдогон каты Кыргызстанга бүгүн келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин ЕККУ боюнча адиси Фатима Сушанло билдирди. Анын айтымында, кат мазмуну иликтенүүдө, ошондуктан азыр эч кандай түшүндүрмө берилбейт. Америка өкмөтүнүн уюму болгон комиссия КМШ президенттеринин «Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму ички ишибизге кийлигишүүдө», деген сынын четке кагып, «ЕККУнун талаптарын аткаруу бул уюмга мүчө болгон КМШ мамлекеттеринин өз милдети», деп жазган. Андан сырткары «ЕККУну сындаган мамлекеттерде системалык түрдө адам укугун бузуу жана антидемократиялык тенденциялар байкалып турат», деп белгиленген. Бул маалыматты Рейтер агенттиги таратты. Июнь айынын соңунда КМШ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан ЕККУну сындаган билдирүү тараткан эле.

XS
SM
MD
LG